Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө себүү үчүн лабораториялык анализден өткөрүлгөн үрөндөрдү тандоону сунуштайт.
Айыл чарба министрлигин маалыматына ылайык, үрөндөрдүн сапаты атайын лабораторияларда белгиленген көрсөткүчтөр боюнча текшерилет.
Анын ичинде:
- өнүп чыгуу жөндөмдүүлүгү;
- өнүп чыгуу энергиясы;
- сорттук тазалыгы;
- сортко таандыктыгы;
- үрөндүн фитосанитардык абалы.
Анализден өткөрүлгөн үрөндөрдү тандоо төмөнкү артыкчылыктарды берет:
- Сапатсыз, булганган жана оорулуу үрөндөрдү колдонуу тобокелдигин азайтат.
- Өсүмдүктөрдүн бир калыпта өсүп-өнүгүшүнө шарт түзөт.
- Түшүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.
- Үрөндүн сапатына коюлган мамлекеттик жана экспорттук талаптарга шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берет.