iDiykan тиркемеси: Банкка барбай эле жеңилдетилген насыя алууга болот

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Санариптик iDiykan платформасы фермерлерге мамлекеттик кызматтарды алууга, сервистерди колдонууга жана колдоо программалары тууралуу маалыматты бир мобилдик тиркемеден алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Айыл чарба министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемесинин бизнес-аналитиги Саадат Чекеева билдирди.

Анын айтымында, учурда платформада "ФСХ-14" насыя берүү программасы ишке киргизилген. Айыл чарбасын насыялоо боюнча башка программаларды этап-этабы менен киргизүү пландалууда.

Анын белгилешинче, iDiykan — фермердин санариптик жардамчысы. Ал айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жеке кабинет катары иштейт. Платформа мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү багыттарын камтып, зарыл болгон кызматтарды бир жерге топтоону көздөйт.

"Негизги максат — бардык мамлекеттик кызматтар, сервистер жана колдоо программалары бир жерде, бир мобилдик тиркемеде болушу. Фермер тиркемеге кирип, керектүү кызматтардын баарын бир баскыч менен ала алышы керек", — деп түшүндүрдү Чекеева.

Ал учурда платформа аркылуу "ФСХ-14" программасы боюнча насыя алууга электрондук кезекке турууга болорун белгиледи. Аталган программа фермерлерге жеңилдетилген пайыздык чен менен насыя берүүнү карайт.

Мындан тышкары, насыя алууга түздөн-түз тиркеме аркылуу арыз берүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган функция иштелип жатат. Планга ылайык, фермерлер керектүү документтерди чогултуп, арызга тиркеп, ар кандай мекемелерге барбастан банктарга жөнөтө алышат.

Чекееванын айтымында, бул функция азырынча иштелип чыгуу баскычында. Келечекте платформага айыл чарбасын насыялоо боюнча башка программаларды да этап-этабы менен киргизүү пландалууда.