Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында 2 миң 74 субъектке насыя берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алар жалпы 5 млрд 999 млн сом жеңилдетилген насыя алышты.
Маалыматка ылайык, насыялар "АБанк" жана "Элдик Банк" ААКтар аркылуу берилген.
Каражаттар айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө, продукцияны кайра иштетүүгө, өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүүгө жана агроөнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.