Ысык-Көл облусунда акциздик маркалар боюнча текшерүү жүрдү

Аймак 13 июль 2025 11:21
518143247_1027050052933635_8096715667057122737_n.jpg
517398579_1027049852933655_309462611075296664_n.jpg
518310035_1027050219600285_8589202364437579076_n.jpg
517528811_1027049839600323_803632056351496731_n.jpg
517797372_1027050046266969_3348103411255831681_n.jpg
518240353_1027049989600308_6868707429274295490_n.jpg
518005070_1027049982933642_8905433888518396692_n.jpg
Алдыга
Артка
518143247_1027050052933635_8096715667057122737_n.jpg
517398579_1027049852933655_309462611075296664_n.jpg
518310035_1027050219600285_8589202364437579076_n.jpg
517528811_1027049839600323_803632056351496731_n.jpg
517797372_1027050046266969_3348103411255831681_n.jpg
518240353_1027049989600308_6868707429274295490_n.jpg
518005070_1027049982933642_8905433888518396692_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Салык кызматы

Бишкек, 13.07.25 /Кабар/. Күн мурун Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында акциздик маркалардын жана күйүүчү майды маркалоо системасын көзөмөлдөө боюнча рейддер өттү.

Салык кызматынан билдиришкендей, иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана өлкөдөгү акциздик маркалардын жана күйүүчү майды маркалоо оператору «Учкун» ААКнын өкүлдөрү катышты.

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык мыйзамдарын, айрыкча акциздик маркалардын жана күйүүчү майды милдеттүү түрдө маркалоо боюнча талаптарды так сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал белгилегендей, бул чаралар салыктык түшүүлөрдү гана камсыздабастан, сатыкка чыгарылган товарлардын сапатына кепилдик берип, керектөөчүлөрдү жасалма жана контрафакттык продукциялардан коргойт.

Ошондой эле, төрага бул талаптарды аткаруу өндүрүүчүлөрдүн жана ишкерлердин түздөн-түз жоопкерчилиги болуп саналарын жана атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзүүдө маанилүү шарт экенин баса белгиледи.

Рейддин жүрүшүндө айрым мыйзам бузуулар аныкталды. Мыйзам бузгандарга карата учурдагы мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында төрага Алмамбет Шыкмаматов Балыкчы шаардык салык кызматынын башкармалыгынын жетекчисине жана орун басарына мыйзам бузуулар үчүн катуу сөгүш жарыялады.

Эске салсак, рейддер туристтик сезондун башталышына байланыштуу өткөрүлүүдө. Анткени дал ушул мезгилде акциздик товарлардын жүгүртүүсү жана сатышы кыйла жогорулайт. Мындай иш-чаралардын максаты — продукциянын сапатын камсыздоо жана салыктардын өз убагында төлөнүшүн көзөмөлдөө болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, мындай рейддер республика боюнча туруктуу негизде өткөрүлүп турат.