Ысык-Көл облусунда 12:00гө карата 32 175 жаран атуулдук милдетин аткарды

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 12:40
WhatsApp Image 2025-11-30 at 12.56.10.jpeg
copyright icon Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо уланууда. Президенттин аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, саат 12:00гө карата 32175 (9,1%) жаран шайлоо участкасына келип добуш берди.

Облуста жалпысынан 353 миң 516 шайлоочу жана 7 округга караштуу 250 шайлоо участкасы бар.

Учурдагы добуш берүүнүн сандык көрсөткүчү төмөндөгүдөй:

Ак-Суу району – 4463 же 9,7%;

Ысык-Көл району – 5810 же 9,0%;

Түп району – 5607же 12,0%;

Тоң району – 4459 же 10,9%;

Жети-Өгүз району – 6858 же 10,2%;

Каракол шаары – 2970 же 5,7%;

Балыкчы шаары – 2008 же 5,6%.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.