Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып сугаруу ыкмасына өтөт

Аймак Загрузка... 11 Февраль 2026 12:13
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3 (1).jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып, жамгырлатып сугаруу ыкмасына өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Министр белгилегендей, жакында жамгырлатып, тамчылатып сугаруу системасына өткөн дыйкан-фермерлерге 2 пайыздык жеңилдетилген насыялар бериле баштайт.

Ошондой эле ал Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып сугарууга өтүү зарылчылыгын белгиледи.

"Тамчылатып сугарууга өтсөк, Ысык-Көлгө дагы суу көбүрөөк барат. Суунун баарын дыйканчылыкка ала берсек, Ысык-Көлгө суу барбай калат. Ошондуктан Ысык-Көл облусун толугу менен тамчылатып, жамгырлатып сугарууга өткөрүү боюнча план коюп жатабыз", - деди министр Бакыт Төрөбаев.