Ысык-Көл, мөңгү жана дарыя: Кыргыз бермети эл аралык деңгээлде корголушу керек

Аналитика 28 сентябрь 2026 10:25
Ысык-Көл, мөңгү жана дарыя: Кыргыз бермети эл аралык деңгээлде корголушу керек

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандагы Ысык-Көл көлүн БУУнун алкагында коргоого алуу демилгеси эксперттер арасында кызуу талкууланып жатат. Сунушту президент Садыр Жапаров уюмдун Башкы ассамблеясында көтөрүп, Ысык-Көлдү “Жер планетасынын уникалдуу жаратылыш ресурсу” деп атады. Кыргызстан адатынча каражат сураган жок, тескерисинче, дүйнө мамлекеттеринин жана эл аралык уюмдардын аракеттерин бириктирген фонд түзүүнү сунуштап, баштапкы каражатты өз жанынан чыгармай болду. Демилге ишке ашырылса Ысык-Көл эл аралык биримдик коргоого алган жаркын мисал болуп калат.

Акыркы 170 жылда Ысык-Көлдүн суусунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөгөн. Соңку беш жылдыкта суу жылына жети сантиметрге ылдыйлап жатат. Ал эми көлгө куйган 101 дарыянын 30у гана калды. Бул суулар Тянь-Шань тоолорундагы мөңгүлөрдөн куралары маалым. Бирок акыркы 70 жылда тоо мөңгүлөрүнүн 30 пайыздан ашыгы эрип кеткен. Өзгөчө тездик акыркы 10 жылдыкка туура келет. Мында Таластын аймагындагы мөңгүлөр анча бийик эмес тоолордо жайгашып, калың эмес болгондуктан тез эрип кетүүдө. Күңгөй Ала-Тоо кыркасындагы (Чолпон-Атанын тушундагы) чокулар күндү карап тургандыктан ал жактын мөңгүлөрү да тез тартылууда. Ал эми ушул эле кырканын Чоң-Кемин тарабындагы муздардын эрүү ыргагы азырак.

Эске салсак, Борбор Азиянын ири мөңгүлөрү Тянь-Шань жана Памир тоо системаларынын Кыргызстандын аймагында орун алган кыркыларында жайгашкан. Дал ушул себептен Кыргызстан суу башы аталып келет. Жалпысынан биздин өлкөнүн "Мөңгүлөр каталогунда" 10 миңге жакын мөңгү катталган. Алардын жарымына жакыны (44,8 пайыз) Тарим дарыясынын бассейнине туура келет. Эриген мөңгү суулары Сары-Жаз дарыясына топтолуп Кытайдын Тарим дарыясына куят.

Мөңгүлөрдүн үчтөн бири (30,3 пайыз) Сырдарыя дарыясынын бассейнине тийиштүү. Ал Фергана өрөөнүнөн башталып, негизинен Нарын дарыясы менен Өзбекстандын Карадарыясынан топтолуп, Тажикстан жана Казакстанга чейин жетет. Ал эми Амударыя бассейнине Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн 8,7 пайызы туура келет. Суу Кыргызстан аркылуу акпаса да, Чоң-Алай өрөөнүндөгү мөңгү суусу аталган бассейндин Вахш дарыясына куюп, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга чейин барат. Мөңгү суулардын 8,4 пайызы Ысык-Көл көлүнө туура келсе, 6,6% Чүй дарыясына, 1,3% Талас дарыясына куют.

Эл аралык климатологдордун изилдөөлөрүнө ылайык, аба ысый берсе 21-кылымдын аягына чейин дүйнөдө эсептелген 200 миң мөңгү 18 миңге чейин кыскарышы ыктымал. Борбордук Европада 3,6 миң мөңгүнүн 20сы гана калса, АКШнын Скалист тоолорунда мөңгүлөрдүн 99 пайызы, Борбор Азияда жана Анд тоолорунда мөңгүнүн 94-96%ы жок болору божомолдонууда. Андыктан, климаттын ысышы бир мамлекеттин эмес бүткүл дүйнөнүн көйгөйү.

Мөңгү маселеси, суу ресурстарынын өзгөрүүсү, деги эле климаттык тобокелдиктердин күчөшүнө дуушар болгон тоолуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу иштери БУУнун алкагында кеңири талкууланды. Анткени күрөштү өлкөлөр жалгыздап жүргүзө албайт. Ошондой эле жалпылашкан кагаз жүзүндөгү декларациядан конкреттүү долбоорлорго өтүү зарылчылыгы турат. Мында президент Садыр Жапаров конкреттүү долбоорду - Ысык-Көлдү сактоо боюнча эл аралык трасттык фонд түзүүнү сунуштады. Биздин өлкө ага биринчилерден болуп 10 млн доллар бөлүүгө даяр. Эгерде эл аралык каржы институттары жана донор өлкөлөр фонддун айланасына бириге алса, анда каражат көлдөрдү жана мөңгүлөрдү мониторингдөө, дарыяларды калыбына келтирүү, сууну үнөмдөө, агынды сууларды тазалоочу жайлар, сугаруу жана экологиялык инфраструктура үчүн колдонулушу мүмкүн.

Демилгеси өзгөчө маанилүү. Мындай механизм айлана-чөйрөнү коргоо чараларын гана эмес, ошондой эле көлдү сактап калуунун ар кандай варианттарын каржылай алат. Мындай пикири менен мурунку премьер-министр Феликс Кулов президент Садыр Жапаровдун БУУдагы чакырыгына карата комментарий берип жатып билдирди. Ал көлдөгү суунун деңгээлин кармап туруу үчүн Сары-Жаз дарыясынын агымынын бир бөлүгүн Ысык-Көл бассейнине буруу мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүүнү сунуштоодо.

“Ысык-Көл – биздин улуу улуттук байлыгыбыз. Чечимдерди издөө керек. Эгерде мындай чечимдер Сары-Жаз сууларынын бир бөлүгүн Кытайдын кызыкчылыктарына же аймактын экологиясына зыян келтирбестен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн да камтыса, анда бул мүмкүнчүлүктү кесипкөйлүк менен изилдөө керек.
Ал эми учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жогорку деңгээлдеги ишеним мындай биргелешкен изденүү үчүн бекем саясий негиз түзөт”, - деди Феликс Кулов.

Кыргызстан демилгелеп жаткан БУУнун эл аралык каржы механизми иштеп калса ал биринчиден, эрип жаткан мөңгүлөрдүн суусун так баалоого, экинчиден, ойдуңдун экосистемасын саркынды суулардан коргой турган тазалоочу жабдыктарды курууга реалдуу мүмкүнчүлүк берет. Бул туурасында окумуштуу-гляциолог, Кыргызстандын “Мөңгүлөр каталогунун” илимий консультанты Рыскул Усубалиев билдирди.

“Ысык-Көл климатка жараша дайыма толуп же тартыла берет. Бирок мурда табигый түрдө болсо, азыр антропогендик таасир, климаттын ысуусу менен азайып жатат. Көлдүн тегерегиндеги суулар айыл чарбасына, өнөр жайга колдонулуп Ысык-Көлдү толтурууга жетпей калды. Орто-Токой суусунун көлөмү аз, Ысык-Көлдүн суусунун көлөмүн көтөрө албайт. Негизги булак Сары-Жаз дарыясы гана. Бирок бул саясий жактан да, экономикалык, каржы, техникалык жактан да өтө оор процесс. Негизи, эл аралык тажрыйба боюнча өлкө трансчек аралык дарыялардын 30-50 пайызын колдонууга укуктуу.
Процесс жылдан жылга улана берет. Анткени экономика жана элдин саны өсүп жатат. Эл аралык трасттык фондго акча бөлүнө баштаса, биринчиден, Ысык-Көлдүн мөңгүлөрү баштаган түбөлүк муздардын баары изилденип, божомолдор жасалып, сууларын баалоо кеңири жүргүзүлмөк. Экинчиден, каражатты көлдүн өзүнун фондусуна жумшоо зарыл. Ысык-Көл ойдуңда жайгашкандыктан кир жана саркынды суулардын баары сарыгып кирет. Тегерегиндеги мекемелердин тазалоочу жарак жабдыктары болушу керек”, - деди Рыскул Усубалиев.

Чындыгында Ысык-Көл көлү уникалдуу рекреациялык аймак. Ал Борбор Азияда жок табигый ресурстарга ээлик кылат. Мисалы, Казакстандын Балхаш көлү биздикинен чоң болгон менен чөлдө жайгашкандыктан жаратылыш ресурстары чакан. Ал эми Ысык-Көл уникалдуу тоо-деңиз климаты, тоңбогон таза суусу, дарылык касиети бар минералдары менен ден соолукту калыбына келтирүү, эс алуу, туризм үчүн өтө ыңгайлуу. Биосфералык аймак катары мамлекет тарабынан коргоого алынган, экологиялык эле эмес, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жогору экени маалым. Эгерде президенттин сунушу кабыл алына турган болсо, Ысык-Көл көлү эл аралык коомчулук коргоого алынган жаратылыш ресурсу катары жаркын мисал болуп бере алат.