Ысык-Көл, 30.08.26 /Кабар/. Казинформ маалымат агенттигинин башкаруучу директору Нагашыбек Алдан КМШ маалымат агенттиктеринин жыйынында Ысык-Көлдүн туристтик потенциалы жогору экенин белгилеп, көл Кыргызстанды гана эмес, дүйнө жүзүнөн келген туристтерди тарткан борборго айланышы мүмкүн экенин айтты.
Ал ошондой эле Ысык-Көлдүн аймагы жана ага жакын жайгашкан калктуу конуштар акыркы жылдары динамикалуу өнүгүп жатканы байкалганын айтты.
“Мени биринчи кезекте таң калтырганы — Ысык-Көлдүн жана анын айланасындагы шаарлар менен айылдардын абдан тез, динамикалуу өнүгүп жатканы. Бул жерде чоң потенциал бар. Ысык-Көл чындап эле Кыргызстанды гана эмес, бүт дүйнөнү өзүнө тарткан жаңы борборго айланышы мүмкүн”, — деди Нагашыбек Алдан.
Ал Кыргызстанга туризм багытында КМШ өлкөлөрүнөн гана эмес, дүйнөнүн башка мамлекеттеринен да туристтер үзгүлтүксүз келип жатканын белгиледи.
“Кыргызстанда тоо туризми да, көл жээгиндеги эс алуу да өнүккөн. Мындай эс алуунун пайдалуу жактары тууралуу көп айтылып келет”, — деди ал.
Нагашыбек Алдандын айтымында, бүгүнкү жыйында туризмди маалыматтык жактан илгерилетүү маселесине да өзгөчө көңүл бурулду. Анын белгилешинче, кеңешке катышкан ар бир өлкөнүн өзүнүн аудиториясы жана таасирдүү маалыматтык ресурстары бар.
“Мисалы, Ысык-Көлдөгү эс алуу тууралуу казакстандык аудиторияга маалымат берип, Кыргызстандагы туризмди таанытууга жардам бере алабыз. Ошол сыяктуу эле кыргызстандык аудиторияга Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берүүгө болот”, — деди Казинформдун башкаруучу директору.
Ал Казакстанда Маңгыстау облусу, Алматы, Астана, Чыгыш Казакстан жана жаңыланган Түркстан сыяктуу туристтер үчүн кызыктуу багыттар бар экенин белгиледи.
“Бири-бирибизге маалыматтык колдоо көргөзүү менен өз өлкөбүздү таанытып, коңшу мамлекеттердин туристтик потенциалын ачууга салым кошо алабыз. Бул абдан маанилүү. Бул тууралуу бизден башка ким айтып берет? Ошондуктан мындай иштер мындан ары да күчөтүлөт”, — деп жыйынтыктады Нагашыбек Алдан.