Көлдүн жээгинде Ысык-Көл эл аралык форуму кайрадан өз аянтчасында бүткүл дүйнөгө таанымал ойчул, жазуучу, окумуштуу жана маданият ишмерлерин чогултту. V юбилейлик форум негизделгенинин 40 жылдыгына, ошондой эле ШКУдагы Кыргызстандын төрагалыгына туш келди. Бул ирет да форумдун алкагында катышуучулар адамзаттын алдында турган чакырыктарды талкуулап, жалпы келечек үчүн жаңы идеяларды сунушташууда. Бүгүнкү күндө дүйнө эл аралык мамилелердин терең кризисин башынан кечирип жаткан маалда жалпы адамзат гуманисттик мамиле аркылуу өнүгүүнүн жолдорун жаңыча түшүнүүгө муктаж. Мындан улам Ысык-Көл эл аралык форумунун орду жана мааниси эбегейсиз. “Кабар” агенттиги Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан форумдун маанилүүлүгүнүн айланасында сөз кылат.
Биринчи Ысык-Көл форуму 1986-жылы өткөн. Бул ири иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен уюштурулган. Анда ар кайсы өлкөлөрдөн келген чыгармачыл инсандар жолугушуп, Жер шарынын абалы жана келечеги жөнүндө ой-толгоолорун ортого салышкан. Атап айтсак, дүйнөнүн эң көрүнүктүү жазуучулары, философтору жана маданият ишмерлери ошол кезде глобалдык масштабга айлана баштаган эң көйгөйлүү маселелер: ядролук согуш коркунучу, экология маселеси, илимий-техникалык өнүгүүнүн этикалык жактары, интеллигенциянын коом алдындагы жоопкерчилиги сыяктуу суроолорду талкуулашкан.

1997-жылы Бишкек шаарында II Ысык-Көл форуму өтсө, 2018-жылы III Ысык-Көл форуму болуп, ага 25 өлкөдөн жана эл аралык уюмдардан өкүлдөр келишкен.
2021-жылы Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форуму уюштурулган. Форумда эл аралык терроризм, эл аралык коопсуздук боюнча талкуулар жүргөн.

Быйыл V юбилейлик форум биринчи жыйынынан 40 жыл өткөндөн кийин кайрадан Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүүдө. Иш-чара Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагындагы негизги окуялардын бири болуп, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын чыңдоого жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууда. Форум жазуучулар, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер менен адамзаттын келечегинин негизги маселелери талкууланып жаткан абройлуу интеллектуалдык аянтчага айланды.
Ысык-Көл форумуна Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь, кытай адабиятынын классиги Ван Мэн, дүйнөгө белгилүү тарыхчы жана эксперт Питер Франкопан, кинорежиссер Али Хамраев, белгилүү сүрөтчү жана арт-менеджер Василий Церетели, ошондой эле Азия жана Европанын көптөгөн башка белгилүү маданият жана илимий ишмерлери катышууда.
Форумдун катышуучуларына Казакстан, Россия жана Түркиянын президенттери да куттуктоо сөздөрүн жолдошкон.

Ысык-Көл эл аралык форуму бул ирет гуманизмдин универсалдуу баалуулуктарын илгерилетүүгө, интеллектуалдык кызматташтыкты чыңдоого жана Кыргызстандын дүйнөлүк гуманитардык процесстердеги ордун бекемдөөгө багытталууда.
Анткени геосаясий чыңалуунун күчөшү, климаттык чакырыктар жана тез өнүгүп жаткан технологиялык өзгөрүүлөр шартында, дал ушул диалог, маданият, акыл жана гуманизм адилеттүү, туруктуу жана коопсуз дүйнөлүк тартипти түзүү үчүн бекем негиз боло алат.
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылыш аземинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов баштап кеткен интеллектуалдык жөрөлгөнү улай, форум “Дүйнө цивилизациялык бурулуш жолдо: келечекке бирге” урааны астында өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгын белгилөө жөн гана өткөндү эскерүү эмес, Айтматовдук гуманизм идеяларын кайрадан жандандыруу, Түндүк менен Түштүктүн, Батыш менен Чыгыштын ортосундагы жаңы цивилизациялык диалогду түзүү, бүгүнкү күндүн курч чакырыктарына: климаттык кризистин алдын алуу, жасалма интеллекттин чектен тыш колдонулушун тизгиндөө, дегеле адамдык бийик парасаттын сакталып калышына бирдиктүү интеллектуалдык жооп издөөнү максат кылуу деп айтты.
“Жер шарында климат кескин алмашып, жаратылыштын ар кыл алааматтары орун алып, улам кийинки муундун аң-сезими өзгөрүп дүйнөлүк көйгөйгө айланган чакта Кыргыз Ала-Тоолорунун курчоосунда турган касиеттүү Ысык-Көлдү жаратылыш менен адам баласынын гармониясынын жандуу символу деп карасак, Ысык-Көл форуму дагы көлүбүзгө куйган ондогон кашка суулар сыяктуу дүйнөнүн чар тарабынан келген акыл ээлеринин өтө баалуу ой-пикирлери айтыла турган, уңгулуу ой, омоктуу чакырык жасала турган маанилүү аянтча болот десем жаңылышпаймын. Бүгүн дүйнө жүзүндө жаакташуулар күчөп, согушка айланса, ага жараша жандуу жаратылыш да козголуп, глобалдык жылуулук күчөп күн тартибиндеги эң негизги көйгөйгө айлангандай.Ошол эле маалда адам баласынын акылы артып, жасалма интеллектти жаратып, жашообузда бир топ жеңилдиктер орун алганы менен, ошол жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү кимдир бирөөлөр тарабынан кара ниеттик менен пайдаланылбайт дегенге эч ким кепилдик бере албай келет!" - деди президент.
Айтматов үчүн чыгармачылык жөн гана көркөм өнөр эмес, глобалдашуу, техникалык прогресс доорунда адам баласынын рухий дүйнөсүн, адамдык бийик парасатын сактап калууда негизги курал болгон. Жазуучунун дээрлик бардык чыгармаларында адамдык бийик сапатты – адамгерчиликти кыйратуучу күчтөрдөн коргоо аракеттери көрүлгөн.
Мындан улам рухий баалуулуктарды коргоодо жасалма интеллект адам баласына пайда алып келеби, же тескерисинче кургуйга түртөбү деген да суроо жаралат.
“Ысык-Көл форумунун бул жолку отурумунун философиялык изденүүлөрүнүн башаты да дал ушундай соболдор менен уланат деп ойлойм. Ошол эле маалда эл аралык коомчулук дагы Ысык-Көл форумунан куру декларация эмес, реалдуу концептуалдык кадамдарды күтөөрү белгилүү. Ушундан улам, ушу тапта дүйнө жүзүндө болуп жаткан согуштарга жана экологиялык кризиске каршы адамзатка багытталган глобалдык чакырыктар жасаларына, өлкөлөр ортосундагы чыр-чатактарга карата эл аралык уюмдарды мобилизациялоо платформасын түзүү, жасалма интеллектти адамзаттын бакубатчылыгы үчүн гана пайдалануунун жолдорун табуу сыяктуу глобалдык маселелер талкууланат деген үмүттөмүн. Бул ирет дагы дүйнөнүн чар тарабынан келген форумдун катышуучулары адамзаттын жаркын келечегинен кеп козгойт деп турам. Ошондо гана Ысык-Көл форуму ар кандай согуштук апааттардан жана экологиялык кризистерден чарчаган, адамзатка жаңы үмүт, жаңы багыт бере алат деген бекем ишеним жаралат. Ошондо гана сиздер сыйлаган, дүйнө эли сыймыктанган гуманист-жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүдөөсү, максат-тилектери орундалмакчы”, - деп белгиледи өлкө башчысы.
Ысык-Көл форумунда Албаниянын президенти Байрам Бегай да сөз сүйлөп, арадан кырк жыл өтсө да Ысык-Көл форумунун миссиясы дагы деле өзгөрбөгөнүн белгиледи.

“Ысык-Көлдүн атын алып жүргөн жана жыйырманчы кылымдын эң улуу жазуучуларынын жана философторунун көз карашын алга жылдырган бул эл аралык форумга катышуу мен үчүн чоң кубаныч жана өзгөчө сыймык. Мындан кырк жыл мурун, дүйнө идеология менен бөлүнүп, ядролук тирешүүнүн көлөкөсүндө жашап жатканда, ар кайсы континенттерден жана маданияттардан келген интеллектуалдар бул жерге абдан күчтүү максат үчүн, бири-бири менен сүйлөшүү үчүн чогулушкан. Кырк жыл өткөндөн кийин, бул форумдун миссиясы өзгөрүүсүз ошол бойдон калууда”, - деди ал.
Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Күршад Зорлунун пикиринде, түрк дүйнөсүнүн жазуучусу Чыңгыз Айтматов негиздеп кеткен Ысык-Көл форуму ойчулубуздун калтырган мурасы, адамзатты ойлоп, адамзаттын тагдырына кайдыгер карабаганын билдирет.

“Чыңгыз Айтматовду бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн ойчулу, жазуучусу жана сыймыгы деп билебиз. Анын чыгармалары 200гө жакын тилге которулуп, дүйнө боюнча окурмандарын топтой алды. Мындай деңгээлге жеткен жазуучулардын саны саналуу десем жаңылышпайм. Айрыкча Чыңгыз Айтматов негиздеп кеткен Ысык-Көл форумунун уланып жатышы урпактарыбызга чоң колдоо. Алардын келечегине салым кошуу деп билем. Улуу жазуучубуздун бизге калтырган мурасы адамзатты ойлоп, адамзаттын тагдырына кайдыгер карабаганы. Мындан улам ушул ойду азыр да уланып жатканы эң туура”, - деди Күршад Зорлу.
Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондусунун төрайымы Актоты Раимкулованын айтымында, бүгүн бир өлкөдөн экинчи өлкөгө баруу абдан оңой, кээде учак менен, кээде поезд менен жетүүгө болот. Ал эми бүгүнкү күндө көйгөйлөр глобалдык маселеге айланууда.

Актоты Раимкулова белгилегендей, бүгүнкү күндө жазуучу жана окумуштуулардын улуу эмгектери, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы идеялар өзгөчө мааниге ээ. Ал эми дүйнө жүзүндөгү эң көрүнүктүү жазуучуларды жана интеллигенция өкүлдөрүн чогулткан интеллектуалдык форумдун 40 жылдыгын белгилөө демилгеси чындап эле өз убагында жана маанилүү болууда.
“Кандай болгон күндө да, адамзат гумандуулукту сакташы керек. Биз келечек муундар жөнүндө ойлонушубуз керек, маданий мурасыбызды, жалпы тарыхыбызды сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө ойлонушубуз керек. Бүгүн биз бир өлкөдөн экинчи өлкөгө баруу абдан оңой экенин билебиз. Кээде учак менен, кээде поезд менен. Ал эми бүгүнкү күндө көйгөйлөр глобалдык маселеге айланууда. Албетте, жазуучуларыбыздын жана окумуштууларыбыздын улуу эмгектери, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы идеялар бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү эң көрүнүктүү жазуучуларды жана интеллигенция өкүлдөрүн чогулткан бул интеллектуалдык форумдун 40 жылдыгын белгилөө демилгеси чындап эле өз убагында жана маанилүү болууда. Мен бул форумга маңыздуу идеяларды каалайм. Мен бул форумдун аягында кабыл алынган декларация, резолюция же кайрылуу бүткүл адамзаттын интеллектуалдык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган андан аркы көрүнүктүү жолугушуулар, өнүгүүлөр жана конкреттүү программалар үчүн негиз болуп кызмат кылат деп чын жүрөктөн үмүттөнөм. Бул жолугушуу, бул форум ушул сыяктуу чогулуштарга өзгөчө түрткү берет. Чыңгыз Айтматовдун “Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу” деген сөзү бул келечек муундар үчүн ураан болот деп ишенем. Албетте, ойчулубуздун ойлору түбөлүктүү”, - деди ал.
Белгилей кетсек, форумдун алкагында пленардык жыйындар, тематикалык секциялар жана коомдук талкуулар каралган. Иш-чаранын жыйынтыгында тынчтык, гуманизм жана жоопкерчилик жөнүндө Ысык-Көл декларациясы кабыл алынат. Евразия чөлкөмүндөгү таанымал, азыркы замандын ойчул жана интеллектуалдарынын ортого салып талкуулаган Жер шарындагы глобалдык маселелер жана аларга карата айтылган маанилүү сунуш-пикирлери адамзат үчүн өз салымын кошоруна ишеним чоң.