"Ысык-Көл" аэропортунда толкундун формасын чагылдырган жаңы аэробекет пайда болот

Аймак 16 июнь 2025 15:00
503706702_9974941585924593_2837361187702143975_n.jpg
492751680_9974940689258016_1156163655879846108_n.jpg
502924461_9974938332591585_920261763680585419_n.jpg
493572532_9974939825924769_3209925714722331690_n.jpg
493581491_9974938612591557_5881182759072102575_n.jpg
502980615_9974939305924821_9171985307909601014_n.jpg
504257388_9974937712591647_4418594831736478156_n.jpg
504885318_9974940179258067_4404643908699344443_n.jpg
505457968_9974937962591622_5491217062604148267_n.jpg
505814946_9974939012591517_8261276921186324970_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Тамчы айылында "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушу уланууда. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бул долбоор аймактын чыныгы архитектуралык жасалгасына айланып, өлкөнүн туризм, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болмокчу.

Пландаштырылып жаткан 3 кабаттуу имарат уникалдуу жана креативдүү дизайны менен өзгөчөлөнөт. Тактап айканда, аэробекеттин өзү толкун формасында жасалып, бул Ысык-Көлдү символдоштурат.

Келечектеги терминал жөн гана транспорттук түйүн эмес, функционалдуулукту, ыңгайлуулукту айкалыштырып, кенен залдар, панорамалык терезелер, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн алдыңкы технологиялары менен камсыздалат. Мунун баары жүргүнчүлөр үчүн жайлуулукту жаратат. Мындан тышкары, аэробекетте заманбап коопсуздук системалары орнотулуп, майыптыгы бар адамдар үчүн дагы шарттар түзүлөт.