Ысык-Көл: Балбай айылында 64 млн сомго бала бакча курулууда

Аймак 3 сентябрь 2025 15:45
543385307_18077299040068772_3753291478341908729_n.jpg
542230323_18077299058068772_4933107611852534657_n.jpg
542298093_18077299049068772_1236626738134401243_n.jpg
Алдыга
Артка
543385307_18077299040068772_3753291478341908729_n.jpg
542230323_18077299058068772_4933107611852534657_n.jpg
542298093_18077299049068772_1236626738134401243_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Түп районунун Балбай айылында наркы 64 млн сомду түзгөн жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, курулуш иштери өткөн жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Долбоор боюнча бала бакча 100 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу имараттан турат. Бөбөктөрдүн коопсуз жана ыңгайлуу шартта тарбияланышы үчүн бардык талаптар эске алынып, курулуш иштери заманбап үлгүдө жүргүзүлүүдө.