Ысык-Атанын Красная Речка айылында 80 жумуш ордун түзгөн тигүү цехи ишке берилет

Экономика Загрузка... 19 Август 2025 19:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурмамбет айыл аймагындагы Красная Речка айылында 80 жумуш ордун түзгөн жаңы тигүү цехи ишке берилет. Бул тууралуу ишкана жетекчиси Бурул Исаева “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2025-08-19 at 18.21.25.jpeg

Анын айтымында, быйыл ишке берилүүчү 128 ишкананын катарында "Инсан Текстиль” ЖЧКсы негиздеген тигүү цехи учурда тесттик режимде иштеп жатат. Жакынкы күндөрү август айынын аягында расмий түрдө ишке берилет.

“Бишкекте 3-4 жылдан бери тигүү цехин ижарага алып иштеп келе жаткам. Кийин Ысык-Ата районунун Нурмамбет айыл аймагынын Красная Речка айылынан жер тилкесин сатып алып, толугу менен өзүбүздүн каражатка цехти курдук. Болжол менен 55 млн сом жумшалып анын 45 пайызы насыя, 55 пайызы өздүк каражаттын эсебинен каржыланды. Бул каражат жер тилкесин сатып алууга, курулуш иштерине жана тигүү жабдыктарын сатып алууга керектелди. Биздин фабрика 80 кишини иш менен камсыз кылууга ылайыкталган. Негизги максаттарыбыздын бири аймактагы кыз-келиндер үчүн иш ордун түзүү. Учурда жергиликтүү тургундардан 15тен ашык кыз-келиндер иштейт. Бирок, цех тесттик режимде иштеп, насыяны төлөө зарылчылыгы жаралгандыктан чет өлкөдөн жумушчуларды алганга муктаж болуп жатабыз”,- деди жеке ишкер.

WhatsApp Image 2025-08-19 at 17.51.46.jpeg

Белгилей кетсек, аталган тигүү цехи айына 10-12 миң даана даяр кийим чыгаруу кубаттуулугуна ээ болуп, эркектердин жана аялдардын кийимдери экспортко тигилет.

“Бизде эркектердин жана аялдардын көйнөк, шым, күрмө сыяктуу кийимдери тигилет. Жүз пайыз Россия, Казакстандан буйрутма берүүчүлөр менен иштешип, өндүрүлгөн товарлар негизинен онлайн сатылат. Алгач буйрутма берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп, үлгүлөр тигилет. Андан кийин керектүү кездемелер өзүбүздөн, Кытайдан же Түркиядан буйрутма менен алынып, цехте бычылып, белгиленген үлгүдө даярдалат. Ошондо кездеме толугу менен өзүбүздө бычылып, тигилип, үтүктөлүп, таңгакталып буйрутма берүүчүлөргө жөнөтүлөт. Товар экспортко даярдалгандыктан сапатка өтө чоң көңүл бурабыз”, - дейт Исаева.

WhatsApp Image 2025-08-19 at 17.51.55.jpeg

Ошондой эле атайын ишкерликте кураторлор дайындалып, мамлекеттик органдар тарабынан чоң колдоо болуп жатканын жеке ишкер баса белгиледи.

“Учурда цехтин документ иштери аяктап калды. Бардык текшерүүлөрдөн өткөнбүз, бир жуманын тегерегинде бардык документтерди колго алабыз деп турабыз. Тигүү цехинин расмий ачылышы 29-августка белгиленген. Эсептеп көрсөк жер тилкесин алгандан тартып, куруп ишке бергиче 2 жыл убакыт өттү. Алгач, жумушчуларды окутуп, андан кийин ишке алууну пландаганбыз. Бишкектен атайын технолог адистерди алып келип, окутуу жүргүзүлгөн. Бирок, бул практика толук кандуу өзүн актабагандыктан, жумушчуларды чет өлкөдөн алып келүүгө муктаж болдук. Бирок, иштейм деген биздин жарандар, кыз-келиндер үчүн дайыма иш орундары болот”,- деди ал.

Маалымдалгандай, учурда цехтеги 50 тигүү машинасында жалпысынан 60тан ашык жумушчу иштесе болот. Цех расмий ишке берилгенден кийин тигүү машинасынын жана жумуш орундарынын санын 80ге жеткирүү максаты коюлган. Ошондой эле товарларды экспортко эле тикпестен, өлкө ичинде өздүк бренд чыгаруу, ички рынокко сапаттуу кийим тигүү максаты бар экени кошумчаланды.