Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып, коркунуч жаралган айылдардан 950 адам коопсуз жайга эвакуацияланган. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Эркеайым Сейтказиева “Кабар” агенттигине маалымдагандай, учурда аймакта кооптуулук сакталууда. Жеринде кызматкерлер нөөмөттө турат. Такыр-Төр көлүнүн жырылышынан улам коркунуч жаралган аймактарга киргизилген өзгөчө кырдаал режими алына элек.
Анын айтымында, Такыр-Көл көлүнүн жырылып кетүү коркунучу жаралып жаткандыгы тууралуу ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти бир жума мурда маалымат берген. Ага ылайык, жарандарды убактылуу жайгаштыра турган жайлар даярдалган.

“Эвакуация планын бекитип, иштерди баштаганбыз. Техникалар такталган. Жарандык коргонуу боюнча эвакуациялоо иштерин алып баруу максатында окутуу иштери жүргүзүлгөн. Бир жумалык көзөмөл пункту ачылган. Такыр-Төр көлү жырылгандан кийин 950 киши эвакуацияланган. Абал турукташкандан соң жашоочулар кайра үйлөрүнө жайгаштырылды. Көл жырылгандан кийин жабыркаган жолдор, көпүрө калыбына келтирилди”, - деди ал.
Аким белгилегендей, учурда абал туруктуу. Жеринде көзөмөлдөө үчүн эки нөөмөт пункту иштеп жатат.

“Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин маалыматы боюнча, көлгө дагы 20 күндөй анализ жүргүзүү керек. 28-июнда райондун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Азыр ушул режимдин алкагында иштеп жатабыз. Эч кандай коркунуч жаралбаса, режимди алуу чечимин кабыл алабыз. Бүгүнкү күндө Жайылма айыл өкмөтүндө жана Алмалуу айылында ИИМ, ӨКМдин адистери, айыл өкмөттөрдүн, акимчиликтин кызматкерлери 24 саат бою нөөмөт пунктунда иштеп жатат. Ошондой эле Такыр-Төр көлүн көзөмөлдөө жана суунун агымын байкоо максатында көлдүн төмөн жагында ӨКМдин көзөмөл пункту уюштурулган. Бизге алар саат сайын маалымат беришүүдө”, - дейт Эркеайым Сейтказиева.
Ошондой эле район жетекчиси суу каптагандан кийин кароо жүргүзүлгөндө 30 гектардан ашык жер жабыркагандыгы аныкталгандыгын айтты.
“Жерди калыбына келтирүү боюнча дыйкандар менен биргеликте иштер алып барылууда. Өзгөчө кырдаалдарга деп бөлүнгөн акча каражаттар бар. Ошонун ичинен биз тиешелүү каражаттарды карап беребиз, 29 гектар жайыт жерди суу каптаган, 10 гектарга чукул жердеги арпа жабыркаган”, - деп кошумчалады аким.

Кооптуулук сакталууда
ӨКМ кызматкерлери тик учак менен күн мурун Такыр-Төр көлүнө кайталап аэровизуалдык байкоо жүргүздү. ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыевдин айтымында, изилдөөнүн жыйынтыгында көл көлөмүн жарым-жартылай азайтканы байкалды.
“Улуттук илимдер академиясынын адистери менен биргеликте тик учактын жардамы менен изилдөө жүргүздүк. Бүгүн көлдөгү суунун көлөмү 300 миң куб метрге жетет. Буга чейинки байкоолордо 500 миң куб метр суу бар экенин белгилегенбиз. Азыр 3-6 куб метрге чейин суу агып жатат. Мындан ары да үзгүлтүксүз изилдөө иштерин жүргүзөбүз. Учурда кооптуулук сакталып жатат. Көлдө суу дагы деле бар. Көлдүн кайра жырылып кетүү коркунучу жок эмес. Министрдин тапшырмасына ылайык, бийик тоолуу көлгө көзөмөл улантылат”, - деди Сакыев.

Эске салсак, 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр бийик тоолуу көлү жырылып, суу Алмалуу, Тоолуу Серафимовка, Төмөнкү Серафимовка айылдарын аралап өткөн. Унаа жолду, көпүрөнү жана сел өтүүчү каналды калыбына келтирүү иштери аткарылды. Ошондой эле электр мамычаларынын түбүн бекемделип, кооптуулук жоюлган.