Ысык-Атадагы көлмөдө 90 тонна балыктын кырылышы иликтенүүдө

Аймак Загрузка... 28 Ноябрь 2025 13:00
dead_fish.0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы балыктардын массалык кырылышын иликттөөдө.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-августунда Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылы аймагында жайгашкан "Жаңы" бассейнде балыктардын массалык өлүмү катталган. Жалпы 90 тоннадан ашык балык өлгөн.

Бул факты боюнча "Сууларды булгоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

7-ноябрда кылмыш иши Чүй облустук милициясынын тергөө кызматынын карамагына алынган. Иштин алкагында окуянын чындыгын ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө жана процесстик иш-аракеттер комплекстү жүргүзүлүп жатат.

Текшерүү жүргүзүүдө экологиялык коопсуздук, ветеринардык-санитардык көзөмөл жана башка компетенттүү органдар менен өз ара аракеттешүү камсыздалат.

Милиция тергөө иштерин мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө, мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана жоопкерчилигинен кутулбоо принциптерине таянып жүргүзүлөрүн кепилдейт. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшү туруктуу ведомстволук көзөмөлдө турат.

Тергөө натыйжасында процессуалдык чечим мыйзам талаптарына ылайык кабыл алынат.