Ысык-Атада "Такыр-Төр" көлү жырылгандыгына байланыштуу 950 адам эвакуацияланды

Коом 27 июнь 2025 20:19
Ысык-Атада "Такыр-Төр" көлү жырылгандыгына байланыштуу 950 адам эвакуацияланды

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Ысык-Атада "Такыр-Төр" көлү жырылгандыгына байланыштуу 950 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, саат 19:40ка карата эвакуацияланган адамдардын саны:

- Алмалуу айылынан 420 адам;

- Төмөнкү-Серафимовка айылындагы карылар үйүнөн 290 адам;

- Кебек-Бий (Тоолуу-Серафимовка айылы) айылынан 240 адам.

Жалпысынан эвакуацияланган 950 адам Нооруз айылындагы убактылуу жайларга (мектеп, мечит) жайгаштырылды.