Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылында турак жай өрттөнүп, үй-бүлөгө олуттуу чыгым келтирилген.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, кырсыктан кийин үй-бүлөгө 400 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу кенемтеси төлөнүп берилди. Буга чейин үй 600 сомго камсыздандырылган.
"Учурда үй-бүлө жаңы турак жайын куруп, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Уюм күтүлбөгөн кырсыктардан улам келтирилген чыгымдарды азайтуу үчүн турак жайды камсыздандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.