Ысык-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген 226 га жер мамлекетке кайтарылды

Аймак 28 Октябрь 2025 12:45
571831317_1326505195923963_2619784193535059584_n.jpg
572490796_1326505325923950_6647490413213615718_n.jpg
573285405_1326506115923871_1718589850298236805_n.jpg
573333149_1326505282590621_6794764258368500028_n.jpg
573434330_1326505199257296_3296013446748292370_n.jpg
573515362_1326505285923954_6526707027431148240_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 226 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, бул жер тилкелери 1992-1994-жылдары мыйзамсыз түрдө муниципалдык менчиктин балансынан чыгарылып, бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү тургундар тарабынан айдоо жери катары колдонулуп келген.

Ошондой эле айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери узак убакыт бою жерлерди муниципалдык же мамлекеттик менчикке алуу үчүн зарыл болгон расмий жол-жоболорду аткарбай туруп, айрым адамдарга айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо максатында мыйзамсыз бөлүп берип келишкен. Бул үчүн мамлекетке ижара төлөмдөрү төлөбөгөндүгү аныкталды.

Жер тилкелеринин "Мамлекеттик айыл чарба жер фондусуна" кайтарылышы район аймагындагы жергиликтүү тургундар тарабынан иштетиле турган айыл чарба аянттарын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берип, азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатат.