Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. Ысык-Ата районунун Туз айылындагы жол куруу иштеринин сапатына текшерүү жүрүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер аткарылган иштердин сапатын карап чыгып, лабораториялык сыноолор үчүн керн үлгүлөрүн алды.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча аткарылган иштердин долбоордук документтердин талаптарына, курулуш ченем жана техникалык регламенттердин шайкештигине баа берилет.
Белгилей кетсек, мындай текшерүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүп, жол инфраструктурасынын ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыздоого, ошондой эле подряддык уюмдардын аткарылып жаткан иштердин сапатына болгон жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.