Ысык-Атада көрүстөндө мыйзамсыз иш-аракет жасаган өспүрүм кармалды

Укук тартиби Загрузка... 15 Октябрь 2025 09:54
560402836_849179787.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Ысык-Атада көрүстөндө мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-октябрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Ивановка айылындагы христиан көрүстөнүндө белгисиз адамдар мүрзөлөрдүн таштарын балончик сыры менен боеп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, тергөө иштерине ыкчам-тергөө тобу тартылган. Жерине барган кызматкерлер бир нече мүрзө таштарынын сырдалганын аныкташкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында милиция кызматкерлери 2008-жылы туулган, жашы жете элек С.Р. аттуу Ивановка айылынын тургунун шектүү катары аныктап, ички иштер бөлүмүнө алып келишкен.

Учурда тергөө иштери улантылууда. Натыйжасында мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.