Ысык-Атада ири газобетон заводу курулуп жатат

Аймак 18 Ноябрь 2025 16:34
WhatsApp Image 2025-11-18 at 16.11.50 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-18 at 16.11.50 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-18 at 16.11.50.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-18 at 16.11.49.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-18 at 16.11.48.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда инвестициялык долбоордун алкагында кубаттуулугу жылына 300 миң куб метр болгон автоклав газобетонун өндүрүүчү заводдун курулушу жүрүп жатат.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров бүгүн заводдун курулуш иштери менен таанышып, долбоорду андан ары ишке ашыруунун негизги этаптары, мөөнөттөрү жана уюштуруу маселелерин талкуулады.

Бүгүнкү күнгө карата объектиде төмөнкү иштер аткарылды:

  • 8000 м² аянттагы курулуш-монтаждоо иштери дээрлик аяктады;
  • 8000 м² өндүрүш корпусунун даярдыгы 90%ды түзөт;
  • Технологиялык жабдуулар үчүн пайдубалдын даярдыгы 90%;
  • Технологиялык жабдууларды монтаждоо 60%;
  • Жети автоклав, эки шар тегирмен, казан жабдуулары, генератор топтому жана бөлүштүрүү пункту толугу менен орнотулган.