Ысык-Атада бала бакча мамлекетке кайтарылды

Аймак 29 июнь 2026 10:30
Ысык-Атада бала бакча мамлекетке кайтарылды

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Үч-Эмчек айылында жайгашкан бала бакчанын имараты жана ага караштуу жер тилкеси 1992-жылы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткени аныкталган.

"Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында 20 млн сомго бааланган бала бакчанын имараты жер тилкеси менен бирге мамлекеттин менчигине кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.