Ысык-Атада 9 айда 8 ири өнөр жай ишканасы ачылды

Аймак
Ысык-Атада 9 айда 8 ири өнөр жай ишканасы ачылды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Ысык-Ата районунда 2026-жылдын тогуз айында сегиз ири өнөр жай ишканасы ачылган. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаровдун Ысык-Ата районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Маалымдалгандай, жыл аягына чейин дагы төрт ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда, ал эми 2027-жылга 15 өнөр жай объектисин ишке киргизүү белгиленген.