Акыркы 5 жылда Ысык-Атада 67 соцобъект пайдаланууга берилген

Аймак
Акыркы 5 жылда Ысык-Атада 67 соцобъект пайдаланууга берилген
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Акыркы беш жылда райондо 67 объект пайдаланууга берилген. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаровдун Ысык-Ата районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Анын ичинде 7 мектеп, 9 фельдшердик-акушердик пункт, мини-футбол үчүн 30 аянтча, 4 спорт зал, 1 бала бакча, 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 12 кызматтык үй жана таза суу менен камсыздоо боюнча 2 объект бар.