Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жер тилкелерине байланыштуу талаштар сотто толук чечилгенге чейин жарандар жашап жаткан үйлөрдү бузбоону өтүндү. Айрыкча, кыш мезгилинде турак жайларды бузууга жол бербөө зарыл. Бул тууралуу ал президент Садыр Жапаровдун Сокулук районунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди.
Мэрдин айтымында, айрым тургундар үйлөрдү куруп, анда 20 жылдан бери жашап келишет. Бирок документтер боюнча жер тилкелери бир нече жолу башка адамдарга сатылган.
“Сот органдарына да тапшырма берилип, талаш-тартыш толук чечилгенге чейин, өзгөчө кыш мезгилинде адамдар жашап жаткан үйлөрдү бузбоо маселесин карап көрүүнү өтүнөм”, — деди Айбек Жунушалиев.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров мамлекеттик комиссияга жана прокуратурага жер тилкелери менен үйлөргө байланыштуу бардык талаштуу маселелерди карап чыгып, ишти мүмкүн болушунча тез арада жыйынтыктоону тапшырды.