Кант шаарында үч ири өнөр жай ишканасы ачылган

Аймак
Кант шаарында үч ири өнөр жай ишканасы ачылган
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалы өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Мамлекет башчысына маалымдалгандай, 2021-2026-жылдары Кант шаарынын өнөр жай секторунда үч ири ишкана ачылган.

Атап айтканда, “Кант цемент заводу” ААКсына салынган инвестициялардын көлөмү 5,25 млрд сомду түзүп, 736 жаңы жумуш орду түзүлгөн. “Стилекс” ЖЧКсына 1,92 млрд сом инвестиция салынып, 80 жумуш орду түзүлгөн, ал эми “БекемБлок” ишканасына 962 млн сом инвестиция салынып, 128 жумуш орду түзүлгөн.