Ысык-Атада 5 жылда 128,51 км жол асфальтталып, эки ири завод ачылган

Ысык-Атада 5 жылда 128,51 км жол асфальтталып, эки ири завод ачылган
copyright icon WWW

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Ысык-Ата районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Анда маалымдалгандай, акыркы беш жылда райондо 128,51 км жолго асфальт төшөлгөн, анын ичинен 58,32 чакырымы 2026-жылы асфальтталган.

Ушул эле мезгил аралыгында райондо өсүмдүк майын өндүрүүчү эки ири завод пайдаланууга берилген.