Ысык-Атада 26,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Аймак 26 Ноябрь 2025 17:20
WhatsApp Image 2025-11-26 at 13.41.06.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 13.41.06 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 13.41.05.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 13.41.05 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 13.41.05 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 13.41.04.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 13.41.04 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 13.41.03.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Ысык-Ата районунда жалпы аянты 26,43 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо максатында ишкерлерден акча каражатын опузалап алуу фактылары аныкталды. Бул фактылар уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагында жана Кант шаарында жайгашкан жалпы аянты 26,43 гектарды түзгөн жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.