Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылына көпүрө курулат

Аймак 17 февраль 2026 11:44
Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылына көпүрө курулат

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бахридин Шабазов Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылындагы көпүрөнүн курулушу качан башталарын сурады.

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев көпүрөнүн курулуш долбоору даяр экенин, учурда подряддык компанияны тандоо иштери жүрүп жатканын билдирди.