Ысык-Атада жогорку кирешелүү жашылча-жемиштер отургузулууда

Коом Загрузка... 27 Июнь 2025 09:44
f449620f7bd5d2bd661347cebc7e6b79.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Ысык-Ата районунда жайгашкан "Томат КейДжи" үрөн чарбасында жогорку кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрү отургузула баштады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы мимнистрлигинен билдиришкендей, аталган чарбада төмөнкүдөй айдоо жумуштары жүрүүдө:

  • таттуу калемпир – 0,25 гектар;
  • ачуу калемпир – 0,25 гектар;
  • түстүү капуста (кызгылт, сары, жашыл сорттору) – 0,8 гектар;
  • брокколи – 0,75 гектар.

Белгиленгендей, бул жашылчалар экспортко жарактуу, азыктык баалуулугу жогору жана базар баасы туруктуу болгондуктан, дыйкандар үчүн пайдалуу продукциялардан болуп саналат.

Айыл чарба өсүмдүктөрдү жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти мындай жогорку кирешелүү жашылча-жемиштерди өстүрүүнү өлкөнүн башка аймактарындагы дыйкандарга да сунуштайт. Бул демилге айыл чарбасын диверсификациялоого, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жана фермерлердин кирешесин арттырууга багытталган.

Өсүмдүктөрдү туура тандап, агротехникалык талаптарга ылайык өстүрүү – экономикалык ийгиликтин ачкычы. Ошондуктан дыйкандарга заманбап технологияларды колдонуу менен инновациялык агрардык тажрыйбаларды өздөштүрүү сунушталат.