Ысык-Атада 36 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Аймак Загрузка... 16 Сентябрь 2025 13:40
505953503_704403672.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Ысык-Ата районунда 36 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө Чүй электр тармактар ишканасынын Ысык-Ата районунда төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү:

  • 36 даана трансформатор, 5 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өтүп, 6 чакырым СИП аба чубалгысы тартылды;
  • 183 даана трансформатор, 450 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү;
  • 2 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылып, алмаштырылды;
  • бүгүнкү күнгө пландаштырылган оңдоп-түзөө жана техникалык тейлөө иштери 80 пайызга аяктады.