Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Жайкы аптаптуу күндөрдө чуркаганда ысык урушу мүмкүн. Мындан улам ысык аба ырайында организм үчүн кантип коопсуз чуркоо керек? Бул тууралуу биз алдыда адистердин кеп-кеңештерин сунуштайбыз.
Ысыкта организм өзүн салкындатууга аракет кылат. Ал эми чуркоо ашыкча жүктү жүктөйт. Ошондуктан чуркоо учурунда бул факторду эске алуу зарыл.
- 20-30 мүнөткө созулган кыска аралыкка жай чуркап баштаңыз;
- Машыгуунун интенсивдүүлүгүн жана узактыгын акырындан жогорулатыңыз — күн сайын 10–20%;
- Машыгууларды көлөкөдө, токойлордо жана сейил бактарда өткөрүңүз.
Чуркоодон кийин сергип, суусунуңузду кандырышыңыз керек. Машыгууга 1-2 саат калганда 400–500 мл суу ичүү зарыл. Ал эми чуркоо маалында ар бир 15–20 мүнөт сайын 150–200 мл суу ичүү маанилүү. Сууну ичип эле койбостон, аны башка, моюнга жана колго куюу кажет.
Адистер ошондой эле кийимди туура тандоо керектигин айтышат. Кийим UPF-коргоосу бар синтетикалык кездемеден, мисалы полиэстер же нейлондон болушу шарт. Мындай материалдар күн нурларын өткөрбөйт жана денени салкын кармайт. Пахтадан тигилген кийимдер терди сиңирип, оорчулук жаратат.
Машыктыруучулар чуркоону эртең мененки саат 08:00гө чейин же 19:00дөн кийин пландоо керектигин белгилешет.