Ысык аба ырайынан сактануу чаралары. Дарыгерден кеңеш

Ден соолук Загрузка... 19 Июнь 2025 09:40
shtormovoe-preduprezhdenie–-v-kyrgyzstane-prodolzhaetsya-anomalnaya-zhara.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Күндүн аптаптуу ысышы биринчиден кары-картаңдарга жана жаш балдарга өтө кооптуу. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Асел Акымбаева "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ысык аба ырайында адамдын дене табы жогорулап, орнанизмдеги суу тер менен бат чыгып кеткендиктен карылар менен жаш балдардын ден соолугуна өзгөчө кам көрүү зарыл.

"Күндүн ысык аба ырайы нерв, жүрөк кан тамыр системаларына, териге терс таасирин тийгизет. Өнөкөт оорулар козголушу мүмкүн. Ар бир адам өзүнүн саламаттыгына кам көрүшү керек",-дейт дарыгер.

Ошондой эле ал төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл экендигин белгиледи:

- суусундук көп ичүү, жеңил бат сиңүүчү тамактар менен тамактануу;

- күндүз саат 11.00дөн 16.00гө чейин күн катуу тийип турганда сыртка чыкпай туруу;

- адам сыртта болгон болсо көлөкөгө, соода түйүндөрүнө кирип тыным алуу;

- пахта же зыгыр кездемеден жасалган аба өткөрүүчү жеңил, кенен кийимдерди жана баш кийим кийүү;

- күндөн коргоочу косметикалык каражаттарды колдонуу, көз айнек тагынуу да сунушталат.

Белгилүү болгондой, ушул күндөрү дээрлик өлкө аймагында ысык аба ырайы кармалууда.