Ырчы Севак: Кыргыз эли дайым жылуу тосуп алат, ошондуктан кайра-кайра келгиң келет

Маданият 22 июль 2025 12:25
Ырчы Севак: Кыргыз эли дайым жылуу тосуп алат, ошондуктан кайра-кайра келгиң келет

Бишкек 22.07.25 /Кабар/. Армян ырчысы жана обончусу Севак Ханагян Ысык-Көлдө өткөн «Мейкин Азия – 2025» эл аралык фестивалына конок катары катышып, Кыргызстан тууралуу таасирлери менен ЖМКларга бөлүштү.

Ал буга чейин Кыргызстанга ондон ашык жолу келгенин айтып, бул өлкө ар дайым ага жагарын белгилеген.

“Адамдары боорукер, меймандос, сылык жана ар дайым жылуу тосуп алышат, ошондуктан бул жакка кайра-кайра келгиң келет”, - деген ырчы.

Ошондой эле Севак «Мейкин Азия» фестивалы “жогорку деңгээлде өтүп жатат, жарык, үн, уюштуруу иштери — баары мыкты” экенин белгилеген.

Андан сырткары, ал кеч келип калгандыктан көлгө түшүүгө жетишпей калганына өкүнүп, кийинки келгенде сөзсүз түшөрүнө үмүттөнөрүн кошумчалаган.