Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. “Ынтымак” саясий партиясы №22 округдагы добуштарды кайра саноо боюнча берген арызын кайтарып алды. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, “Ынтымак” партиясы арызын жумушчу топтун изилдөө учурунда кайтарып алган.
“Биз арызды карап жаткан учурда, партиянын өкүлү аны кайтарып алганын билдирип, арыз каралбай эле койсун деп айтышты. Борбордук шайлоо комиссиясы жумушчу топтун сунушун жана шайлоо мыйзамдарын эске алуу менен, “Ынтымак” партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Н. Жумашованын арызын карабастан, расмий түрдө четке какты”, - деди Шайназаров.