Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымы асфальтталат

Аймак 30 Март 2026 10:55
660538309_1255117370130340_3880967807194293556_n.jpg
657372345_1255117343463676_5941439109721463384_n.jpg
657700109_1255117406797003_1167619974847179149_n.jpg
658834624_1255117386797005_236717993376119111_n.jpg
Алдыга
Артка
660538309_1255117370130340_3880967807194293556_n.jpg
657372345_1255117343463676_5941439109721463384_n.jpg
657700109_1255117406797003_1167619974847179149_n.jpg
658834624_1255117386797005_236717993376119111_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин биринчи орун басары Тариэл Жаныбеков Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун курулушунан кабар алды.

Ушу тапта жолдун 55 чакырымына асфальт төшөө боюнча даярдыктар көрүлүп, жолду кеңейтүү жана шагыл төгүү иштери жүрүп жатат. Долбоор боюнча жолдун туурасы 8 метрге чейин кеңейтилет. Учурда жумуштар активдүү жүрүүдө.

Ошондой эле министр Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы Жол тейлөө мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрүп, быйылкы жылга карата пландар, аткарыла турган иштер жана алдыдагы негизги милдеттер кеңири талкууланды.

Министрдин биринчи орун басары бардык пландалган иштерди өз мөөнөтүндө так аткарууну жана аткарылып жаткан ар бир жумуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну белгиледи.