Бишкекте дагы канча жаңы жол салынат? Мэр долбоорлор менен таанышты

Коом Загрузка... 10 Апрель 2026 17:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча пландалган долбоорлорду жеринде карап чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги “Фрунзе” турак жай комплексине жана “Ала-Арча” соода-оюн-зоок борборуна кирүүчү жаңы жолдорду салуу пландалууда.

Мындан тышкары, транспорттук тыгындарды азайтуу максатында эки жаңы көчөнү куруу жана жол чырактарын орнотуу маселеси каралды:

  • Миңжылкыев көчөсү: Чыңгыз Айтматов проспектисинен Тыналиев көчөсүнө чейин созулат. Жалпы узундугу 1,3 км болуп, 2 тилкелүү жол салынат.
  • Арстанбек Дүйшеев көчөсү: Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин созулат. Жалпы узундугу 1,1 км болуп, 4 тилкелүү жол курулат.

Белгиленгендей, Миңжылкыев көчөсүн курууда жол окуу имараттарына жакын жайгашкандыктан, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин айрым чектеш аймактары долбоорго тартылат.

"Жөө жүргүнчүлөрдүн, өзгөчө студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында бул аймактарда жер алдындагы өтмөктөрдү куруу каралган",- деп айтылат маалыматта.