Ыңгайлуу жана заманбап. Манас райондук прокуратурасынын жаңы имараты ачылды

Коом 27 ноябрь 2025 12:35
589914606_1168429748809409_2012635019488799936_n.jpg
589909521_1168429855476065_2766474796505694118_n.jpg
589842054_1168429852142732_5516060067393271051_n.jpg
589900318_1168429878809396_476881979298718582_n.jpg
589961258_1168429905476060_1213044448856859891_n.jpg
589968240_1168429835476067_472527919080902155_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Талас облусунун Манас районунун прокуратурасынын жаңы административдик имараты ачылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокурор Максат Асаналиев жаңы имараттын ачылышын өлкөдө мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган иш-аракеттердин маанилүү жыйынтыктарынын бири катары баалады.

"Бул имараттын ишке берилиши – жөн гана жаңы имаратты пайдаланууга тапшыруу эмес, коомубузда мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү чыңдоого багытталган маанилүү кадам, өлкө жетекчилеринин жүргүзүп жаткан натыйжалуу иштеринин жыйынтыгы болуп саналат", — деди.

Жаңы административдик имарат заманбап стандарттарга толук жооп берип, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз иш шарттарын камсыздайт. Ошондой эле жарандарды кабыл алуу үчүн жеткиликтүү, ыңгайлуу жана ачык форматтагы бөлмөлөр каралган.