Ыcык-Көлдө салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылды

Маданият 30 Март 2026 10:04
657391305_1240226671602420_6329125478927045385_n.jpg
659031867_1240226561602431_1366089360907048680_n.jpg
658201855_1240226801602407_2398228881772943892_n.jpg
657682168_1240226628269091_1244013371342311885_n.jpg
658142726_1240226408269113_7552941091501377034_n.jpg
657254903_1240226804935740_7906321086536359246_n.jpg
659808186_1240226688269085_7023438558124954779_n.jpg
660483515_1240226748269079_2917867372178543341_n.jpg
657387719_1240226864935734_2270585729865469133_n.jpg
658017481_1240212774937143_1500628032657909444_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. 29-мартта Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунун базасында Салттуу кол өнөрчүлүк борбору салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Кыргызстан менен Кореянын кызматташтыгынын алкагында ЮНЕСКОнун алдындагы "ICHCAP" уюмунун колдоосу менен ишке ашырылды.

Жаңы борбор мастер-класстарды, көргөзмөлөрдү жана окутуу программаларын өткөрүүгө ылайыкталган. Долбоордун алкагында музей жаңыланып, инфраструктурасы жакшыртылып, заманбап жабдуулар менен камсыздалды.