Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Ош шаарында заманбап падл спорт борбору курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун борбордун курулушуна мезгил кутусу салынды. Долбоордун жалпы аянты 3 300 чарчы метрди, ал эми инвестициянын жалпы көлөмү 1,5 млн АКШ долларын түзөт. Борбор толугу менен жабык форматта курулуп, инвестициялоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт. Биринчи этапка 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылып, бул этапты 2 айда бүткөрүү пландалууда. Экинчи этаптын мөөнөтү 3 айды түзөт.
Спорт борборунда жалпы 10 падл корту болот. Анын 8и 4 адамдан ойноого, экөөсү эки адамдан ойноого ылайыкталат. Мындан тышкары, борбордун ичинде машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр, кабыл алуу бөлүмү, намазкана, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, душ жана санитардык түйүндөр, ошондой эле кофе-бар жайгашат.
Белгилей кетсек, падл — тенниске окшош, бирок атайын кичирээк кортто ойнолуучу ракеткалуу спорттун түрү. Бул спорттун түрү учурда дүйнөдө тез өнүгүп, көңүл ачуу менен бирге активдүү спорт катары кеңири жайылууда.