Ошто мыкты мугалимдерге 200 миң сомдон сыйлык тапшырылды

Коом 6 октябрь 2026 16:15
837329182_1444868747832018_1625651548820018119_n.jpg
838645770_1706670031468493_2482060164447303833_n.jpg
835531789_1444868204498739_8143878191402644408_n.jpg
839594748_1444868727832020_1426320043219570657_n.jpg
839936755_1444867974498762_5732613886418880903_n.jpg
837092070_1444868157832077_6629192585475184750_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Мугалимдер күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарада устаздарды кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө мэр кыргыз мугалими басып өткөн татаал жолго, азыркы түзүлгөн шарттарга жана муктаждыктарга токтолду. Майрамдык салтанаттын алкагында “Жылдын мыкты мугалими-2026” республикалык сынагында 1-орунду багындырган Ашимжан Кебеков менен Айжан Гафаровага мэриянын атынан 200 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Колдо чарага агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, ЖК депутаты Салтанат Аманова жана шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов катышып, мугалимдерге жылуу каалоо-тилектерин айтышты.