Бишкек, 12.09.26. /Кабар/. Казакстандык белгилүү ырчы Кайрат Нуртас Таласта Эгемендүүлүк майрамында ырдап, кыргыз эли ал үчүн өзгөчө кымбат экенин айтты.
”Кыргызстан мен үчүн — сүйүктүү элим. Сиздердин кубанычыңыздар менин кубанычым”, — деди ырчы.
Ошондой эле Кайрат Нуртаска байланыштуу ”Эгерде казакка Кайрат керек эмес болсо, бизге бериңиздер“ деген тамашалуу сөздөр айтылып жүргөнүн белгиледи.
Белгилей кетсек, Кайрат Нуртас кечээ, 11-сентябрда Талас шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык концертке катышкан.