Япония Кыргызстанга жаңы элчи дайындады

Саясат
Япония Кыргызстанга жаңы элчи дайындады
copyright icon ТИМ

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Япониянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Рюити Хирано менен жолукту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну, "Борбор Азия + Япония" диалогунун алкагындагы кызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелерин талкуулашты.