Япониялык компания кыргызстандыктарды ишке тартууга кызыкдар

Коом 24 сентябрь 2025 12:18
551881454_1242743811228623_3342619933510622800_n.jpg
550275909_1242743801228624_3955162057566668953_n.jpg
550383459_1242743797895291_6784766968861420010_n.jpg
550869905_1242743847895286_7293457408445331366_n.jpg
551340642_1242743761228628_5129915872080662447_n.jpg
Алдыга
Артка
551881454_1242743811228623_3342619933510622800_n.jpg
550275909_1242743801228624_3955162057566668953_n.jpg
550383459_1242743797895291_6784766968861420010_n.jpg
550869905_1242743847895286_7293457408445331366_n.jpg
551340642_1242743761228628_5129915872080662447_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Күн мурун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Япониянын IM Japan компаниясынын президенти Ёсихиса Кимура менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу учурунда тараптар эмгек миграциясы жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын талкуулап, мурда кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга берилгендиктерин ырасташты.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын жарандарын Японияда ишке орноштурууга даярдоо жана жөнөтүү механизмдерин өркүндөтүүгө бурулду. Анын ичинде алдын ала тил жана кесиптик даярдыктын сапатын жогорулатуу маселелери каралды.

Ошондой эле IM Japan ишке ашырып жаткан программаларга кыргызстандыктарды кеңири тартуу жана жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жакынкы келечекте ишке ашырылышы мүмкүн болгон жаңы демилгелер боюнча пикир алмашылды, атап айтканда:

  • билим берүү программаларын өнүктүрүү;
  • кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу;
  • салттуу тармактардан тышкары кызматташтык чөйрөлөрүн кеңейтүү.

Министр Сагынбаев IM Japan жетекчилигине кыргыз тарап менен түз диалогго болгон кызыгуусу жана умтулуусу үчүн ыраазычылык билдирип, министрлик узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө ачык экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде IM Japan компаниясынын президенти кыргызстандык жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.