Япониялык инвесторлор Кыргызстандын туризм, тоо-кен тармагына инвестиция салууга кызыкдар – Сабиров

Экономика Загрузка... 10 Декабрь 2025 15:15
WhatsApp Image 2025-12-08 at 08.38.29 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Жакында Японияга Кыргызстандан мамлекеттик кызматкерлердин жана ишкерлердин жоон тобунун сапары күтүлүүдө. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, анда Кыргызстан менен Япониянын инвестициялык мүмкунчүлүктөрү тааныштырылат. Японияга 50дөй кыргыз компаниялары барары пландалууда.

Равшанбек Сабиров белгилегендей, Toyota жана башка япониялык ири компаниялары менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

492353715_9731084080271514_2558055816572199779_n
“Жаңы жылга чейин президент Садыр Жапаров Японияга иш сапар менен барат. Бул сапардын алкагында биз япониялыктарга Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырабыз. Учурда кызуу даярдык көрүп жатабыз. Японияга биздин өлкөдөн 50дөй компаниянын өкүлдөрү барат деп пландалууда. Алар бизнес жолугушууларды өткөрүп, өздөрүнун инвестициялык дараметин айтып беришет. Меморандум жана келишимдерге кол коюлат деп турабыз. Белгилүү болгондой, Япония кайсы гана тармакта болбосун өздөрүнүн сапаты менен өзгөчөлөнөт. Биз алардын инновациялык компанияларына кызыкдарбыз. Бүгүнкү күндө алардын Toyota жана башка компаниялары менен кызматташып, Кыргызстанда өндүрүштөрүнүн ачылышына кызыкдарбыз. Ушул багыттарда биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз”, - деди ал.

Равшанбек Сабировдун пикиринде, Япониялык инвесторлор туризм, тоо-кен тармагына инвестиция салууга кызыкдар болууда.

529294534_24320722644214416_3533561425937833262_n
“Кайсы гана мамлекетке сапарлар болбосун бул өлкөгө, анын ичинде кыргызстандык компанияларга чоң мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Анткени эки тараптын тең бизнес чөйрөсү бири-биринин иши менен таанышып, алакалар башталат. Менин оюмча, кыргыз ишкерлери бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мындан ары кызматташып кете алат. Биздин берметибиз болгон Ысык-Көлгө жыл сайын дүйнөнүн булуң-бурчунан 8 миллионго жакын турист келери маалым. Биз бул көрсөткүчтөрдү дагы жогорулатышыбыз керек. Кыргызстандын туризм багытындагы инфраструктуралык долбоорлоруна инвестияцинын келишине кыззыкдарбыз. Япониялык инвесторлор көл боюнда эс алуу жайларын курууга, тоо туризмин өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирип жатат. Ошондой эле экологиялык стандарттарга ылайык, тоо-кен тармагында иштерди жүргүзүү боюнча да ойлорун айтышууда. Биз бул багытта инвесторлорду колдоп-коштоп, долбоорлордун жүзөгө ашылырышына мониторинг жүргүзүп, жардам берип турабыз. Ошондой эле экспорттун потенциалын жогорулатканга аракет жумшайбыз. Японияда Кыргызстандын экологиялык жактан таза продукцияларына суроо-талап жогору”, - деп белгиледи Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору.
WhatsApp Image 2025-12-10 at 10.39.55

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын Япония менен соодасы 2021-жылга чейин 50 млн доллар гана болсо, 2022-жылы бул сумма 93 млн долларга жеткен. 2023-жылы товар жүгүртүү 255,7 млн доллар болгон.

Ал эми товар жүгүртүү 2024-жылдын январь-апрель айларында 5,2 млрд долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,7% өскөнүн байкалган, мында экспорт – 19,7%, импорт - 29,2% жогорулаган. Япониядан Кыргызстанга көбүнесе жеңил унаалар, бульдозер, грейдер, унаа тетиктери жана башкалар импорттолот. Ал эми Кыргызстандан Японияга айрыкча металл конструкциялар, таза бал жана башка продукциялар экспорттолот.