Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Япониянын түштүк жээгине жакындап келе жаткан тайфундан улам Кагосима префектурасында миңдеген жарандарды эвакуациялоо иштери башталды. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Ал эми Окинава префектурасында жергиликтүү бийлик коопсуздук чараларынын алкагында мектептердеги сабактарды убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды.
Япониянын метеорология агенттиги тайфун катуу шамал алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Ошондой эле деңизде бийик толкундар болушу күтүлүүдө.
Тургундарга жер көчкү, суу ташкыны жана дарыялардын нугунан чыгышы мүмкүн экендиги тууралуу эскертүү берилип, сактык чараларын күчөтүү сунушталды.
Маалыматка караганда, тайфун азыр Минамидайто аралына жакын жерге жетти. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 60 метрге, ал эми айрым учурларда анын ылдамдыгы саатына 216 чакырымга чейин жетүүдө.