Японияда төрөлүү көрсөткүчү эң төмөнкү чекке түштү

Дүйнө 4 июнь 2026 09:05
Японияда төрөлүү көрсөткүчү эң төмөнкү чекке түштү

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Японияда төрөлүү көрсөткүчү төмөндөдү. Бул тууралуу Казинформ Jiji Press'ке шилтеме берип кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Японияда 671 миң 236 бала төрөлгөн — бул мурунку жылга салыштырмалуу 14 миң 937ге аз. Бул 1899-жылы каттоо башталгандан берки эң төмөнкү төрөлүү көрсөткүчү болуп калды.

Төрөлүү көрсөткүчү онунчу жыл катары менен рекорддук төмөн деңгээлде сакталууда. Мындан тышкары, каза болгондордун саны төрөлгөндөрдүн санынан 918 миң 253кө ашкан.