Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Япониянын чыгыш бөлүгүндө “Дуцзюань” тайфунунун айынан нөшөрлөгөн жаан жаап, сел жүрүп, жер көчкү түштү. Табигый кырсыктан Канагава префектурасында бир аял каза болуп, бир нече адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Казинформ билдирди.
Тайфундан өзгөчө Канто аймагында, анын ичинде Токио жана ага жакын префектураларда кырдаал оорлоду. Узакка созулган жаандан улам үйлөрдү жана жолдорду суу каптап, жер көчкүлөр катталды.
Канагава префектурасынын Йокосука шаарында жер көчкү турак жайды басып калган. Куткаруучулар урандылардын алдынан 64 жаштагы аялды алып чыгышкан, бирок анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Ал эми Миура шаарында жер көчкү эки кабаттуу үйдүн бир бөлүгүн басып, учурда издөө-куткаруу иштери уланууда.
Тиба префектурасында да үйлөрдү жана көчөлөрдү суу каптады. Содегаура шаарында унаа жолго түшкөн топуракка урунуп, бир аял жаракат алды.
Айрым аймактарда жаан-чачындын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти. Идзу-Осима аралында бир суткада 670 миллиметрден ашык жаан жааган. Тиба префектурасынын Кимицу шаарында суткалык жаан-чачын 377,5 миллиметрге, Фунабасиде 341,5 миллиметрге, Итихарада 328 миллиметрге жетип, тарыхый максимум кайталанды.
Япониянын метеорология агенттиги жер көчкү, суу ташкыны, дарыялардын жээктен чыгышы, катуу шамал жана бийик толкун коркунучу тууралуу эскертүү таратты. Ошондой эле нөшөрлөгөн жаандын күчөшү күтүлүп, айрым аймактарда капысынан суу ташкыны болушу мүмкүн экени эскертилди.
Тайфун транспорттук каттамдарга да таасирин тийгизди. Japan Airlines ички каттамдардын 120дайын, All Nippon Airways 140ка жакын каттамды токтотту. Тиба, Ибараки жана Токионун батышындагы айрым темир жол каттамдары убактылуу токтотулду же чектелди.