Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Японияда “Соуделор” тайфунунун жакындашына байланыштуу 280ден ашык авиакаттам токтотулду. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Жокко чыгарылган каттамдардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн ар кайсы аймактарын Окинава префектурасы менен байланыштырган рейстер болгон. Өзгөчө Наха аэропортуна учуп келүүчү жана андан учуп чыгуучу каттамдар көп токтотулган.
Алардын арасында Кытайга, Түштүк Кореяга жана Сингапурга багыт алган болжол менен 20 эл аралык рейс да бар.
Маалыматка караганда, “Соуделор” тайфуну Окинава тарапта батышты көздөй саатына болжол менен 15 км ылдамдык менен жылып жатат. Тайфундун борборуна жакын жерде шамал абдан катуу болуп, секундасына 55 метрге чейин жетүүдө.
Жергиликтүү бийлик жана авиакомпаниялар жарандарды аба ырайына байланыштуу каттамдардагы өзгөрүүлөрдү алдын ала текшерүүгө чакырууда.