Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Японияда биринчи жолу премьер-министрлик кызматка аял дайындалды.
РИА Новости маалымдагандай, премьер-министрдин кызмат ордуна Либералдык-демократиялык партиясынын жетекчиси Санаэ Такаити келди.
Япония парламентинин бүгүн кезексиз сессиясы болуп, анда депутаттар Такаитиге добуш беришти.
Эми Япония өкмөтүнүн жаңы курамы император Нарухито тарабынан бекитилген соң жарыяланат.
Такаити учурда 64 жашта. Ал Кобэ университетинин экономика факультетин жана Мамлекеттик башкаруу жана менеджмент институтун аяктаган. 1996-жылы Такаити ЛДП партиясынын курамына кирген.
Белгилей кетсек, Сигэру Исиба башында турган Япония өкмөтү жаңы премьер-министрди шайлоо алдында отставкага кеткен.