Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Премьер-министр Исиба башында турган Япония өкмөтү отставкага кетти. Бул тууралуу Интерфакс Киодо маалымат агенттигине таянып жазды.
Маалыматка караганда, Япониянын премьер-министри Сигэру Исиба башында турган министрлер кабинети жаңы премьер-министрди шайлоо алдында отставкага кетти.
Япония парламентинин бүгүн кезексиз сессиясы болот. Анда парламент мүчөлөрү жаңы премьер-министрликке көрсөтүлгөн талапкерге добуш берет.
Буга чейин ЖМКлар кабарлагандай, өлкөнүн башкаруучу Либералдык-демократиялык партиясы (ЛДП) менен мурдагы оппозициялык "Япониянын инновациялар партиясы" кызматташууга макулдашкан, бул ЛДПнын лидери Санаэ Такаити өлкөнүн жаңы премьер-министри болуп шайлануу мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатууда. Мындай учурда ал Япониянын тарыхында премьер-министрлик кызматты ээлеген биринчи аял болуп калышы мүмкүн.